Казакстанда СОVID-19 вирусун жуктургандардын саны тогуз кишиге жетти

156

Казакстанда коронавирусту жуктургандардын саны тогузга жетти. Алардын бири – жакында Германиядан келген 12 жаштагы кыз. Бул тууралуу кечээ, 15-мартта коңшу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Диас Ахметшарип билдирди.

Казакстанда коронавирус жуктурган биринчи бейтап 13-мартта катталган. Германиядан келген эки казак жаранынан (бир аял, бир эркек), ушул эле күнү Германиядан жана Италиядан учуп келген дагы эки адамдан COVID-19 вирусу табылган.

14-мартта Москвадан Алматы шаарына, Варшавадан Нур-Султан шаарына учуп келген дагы эки кишиден коронавирус чыккан.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 14-марттагы маалыматы боюнча, дүйнөнүн 135 мамлекетинде коронавирусту жуктургандар 142 миңден ашты. Коронавирустан баш-аягы 5 миңден ашык киши көз жумду.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь