Казакстанда 12 жашар кыздан вирус табылды

254

Казакстан Саламаттык сактоо министрлиги 12 жашар кыз баланын вирус жуктурганын маалымдады. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Вирус жуктурган кыз 2008-жылы туулган, ал Казакстанга Германиядан учуп келген. Вируска кабылгандардын басымдуу бөлүгү Европа өлкөлөрүнөн келгендер. Коронавирус табылган бир адам гана Сеул шаарынан учуп келген. Учурда Казакстанда 2 миңге жакын адам карантинде деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта коронавирус илдетин жуктургандардын саны өсүп жаткандыктан, Казакстан президенти Касым-Жоомарт Токаев 16-марттан 15-апрелге чейин чукул кырдаал жарыялап, коомдук тартипти көзөмөлдөө күчөтүлгөн. Эскерте кетсек, Казакстанда вирус жуктурган адамдардын саны 9га жетти.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь