Кыргызстанда түнкү клубдар, кинотеатрлар, компьютердик клубдар убактылуу жабылат

260

Кыргызстанда түнкү клубдар, кинотеатрлар, компьютердик клубдар убактылуу жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү бүгүн, 16-мартка карата Кыргызстандын аймагында кырдаал туруктуу экенин, коронавирус катталбаганын билдирди. “Учурда медициналык көзөмөл менен карантинде 341 адам бар. Ошондой эле жарандарды эл көп чогулган жерге барбоого суранып кетмекчибиз”, – деп айтылат маалыматта.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь