Кыргызстан коронавирусту алдын алууда Кытайдан жардам сурайт

935

Кыргызстан коронавирустун алдын алууда Кытайдан жардам сурайт. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, мындай чечим президент Сооронбай Жээнбеков башында турган Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган. Алардын биринде Тышкы иштер министрлиги жана Саламатык сактоо министрлигине коронавирус илдетин алдын алууда Кытай мамлекетинен кеңеш жана ар кандай жардам суроо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушталган.

Мындан сырткары эконимикалык абалды талдоо, калкты азык-түлүк менен камсыз кылуу, ири шаарларда массалык иш-чараларды чектөө, жугуштуу илдеттин алдын алууну күчөтүү тапшырылды.

Эске сала кетсек, буга чейин Кытай бийлиги коронавирусту дарылоо үчүн, вирус күч алган мамлекеттерге дары-дармек, медициналык жабдууларды жиберүүгө да даяр экенин айткан. Мындан бир нече күн мурда Италияга дарыгерлерди жөнөтүүнү Кытайдын Кызыл чырым коому сунуштаган.

 

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь