Кыргызстан менен Пакистан саламаттык сактоо тармагында мындан ары кызматташтыкты күчөтүүгө макулдашты

120

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев Саламаттыкты сактоо боюнча федералдык министр рангындагы Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министринин атайын жардамчысы Зафар Мирза менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Исламабад шаарында 2020-жылдын 13-мартында болуп, анын жүрүшүндө тараптар коронавирустун тез жайылышына байланыштуу дүйнөдө жана региондо түзүлгөн кырдаалды талкуулашып, ошондой эле Кыргыз Республикасында жана Пакистанда оору менен күрөшүүгө байланыштуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында, эки тарап саламаттык сактоо тармагында мындан ары кызматташтыкты күчөтүүгө макулдашты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь