Мухаммедкалый Абылгазиев COVID-19 вирусу бизге дагы жакындаганын айтты

361

Коңшу өлкөлөрүбүз Казакстан менен Өзбекстанда коронавирус жуктурган учур катталды. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүнкү брифингде билдирди. “Коронавирусту жугузуп алган адамдардын Казакстандан жана Өзбекстандан аныкталышы менен оору Кыргызстанга жакындады“, – деди М.Абылгазиев.

Биз менен абдан көп катышы бар эки өлкөдө коронавирус катталды. Жүздөгөн, миңдеген адамдарыбыз күнүнө Өзбекстанга кирип чыгат. Өзбекстандын жарандары бизге, туугандарына келет. Негизги өнөктөшүбүз болгон Казакстандан да канчалаган транспорт каражаттары кирип чыгат”, — деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр өлкөдө коронавирустун алдын алуу боюнча аталган өлкөлөрдөн келген адамдарды текшерүү күчөтүлөрүн билдирди. Буга байланыштуу Абылгазиев аталган өлкөлөрдөн келген адамдарды бул аракеттерге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

 

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь