Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү ыктымал

233

2020-жылдын 16-мартынан 18-мартына чейин  абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-107 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 71-74 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымында (Кара-Гоо ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь