Бүгүн, 16-мартта эстрада ырчысы Максат Садырбеков кыздуу болду. Бул тууралуу ырчы мырза Instagram баракчасында билдирди.

Ырчы жубайына ыраазычылыгын билдирип, баракчасына: «Кызым, бул кооз дүйнөгө кош келдиң! Айсулуу Молдалиева мыктысың! Сени менен сыймыктанам», – деп жазган.

Маалыматка ылайык, ырчы мырзанын жубайы Айсулуу Молдалиева Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринде 15-марттан 16-мартка караган түнү саат 00:45 чамасында көз жарган. Жаш жубайлардын тун кызы 3 кг 200 гр салмакта төрөлдү.

Эске сала кетсек, Максат Садырбеков менен жубайы Айсулуу Молдалиева 2019-жылдын 6-июнунда баш кошушкан.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 23