Өзбекстанда жаш балага коронавирус жукту

966

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 6 адамга жетти. Дагы эки адамдан коронавирус аныкталганын өзбек басылмалары өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматтарга ылайык, коронавирус жуктургандардын бири — жаш бала.

Эскерте кетсек кечээ, 15-мартта Өзбекстанда коронавирус адамга жуккан биринчи учур катталган. Вирус Франциядан кайтып барган өзбекстандык жарандан аныкталган. Бейтаптын (аял киши) жакындары, байланышта болгон адамдар текшерилип чыккан. Жыйынтыгында анын кызы менен уулунан да вирустун белгилери табылган.

Төртүнчү бейтап — 15-мартта эртең менен Стамбулдан учур барган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь