Биринчи жана экинчи сорттогу ундун баасы боюнча чектөө белгиленди

297

Республика боюнча биринчи жана экинчи сорттогу ундун баасы боюнча чектөө белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча өлкөнүн бардык аймактарында талдоо жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 1 жана 2 сорттогу ундун 1 килограммынын дүң жана чекене баасынын максималдуу деңгээли аныкталган.

Облустар

жана шаарлар

1-сорт 2-сорт
дүңүнөн чекене дүңүнөн чекене
Бишкек шаары 28,0 29,0 20,0 22,0
Чүй облусу 28,0 29,0 20,0 22,0
Ысык-Көл облусу 28,0 30,0 20,0 22,0
Талас облусу 31,0 21,0
Нарын облусу 30,0 34,0
Жалал-Абад облусу 30,0 31,0 22,0 23,0
Баткен облусу 29,0 31,0 21,0 23,0
Ош облусу 29,0 31,0 21,0 23,0
Ош шаары 29,0 31,0 21,0 23,0

Соодагерлер майда товардык, заводдук кагазга таңгакталган ундан башка унду белгилеген баадан жогору сата алышпайт. Чектөөнү бузгандар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылат.

Социалдык маанидеги товарлардын башка түрлөрү боюнча учурда талдоо жүргүзүлүүдө. Жакынкы арада шекер, нан жана өсүмдүк майынын максималдуу наркы аныкталат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь