Вирустун айынан жумушунан ажыраган тамада Арстан Алайды сотко берди

2 305

Тамада жана теле алып баруучу Урмат Асанбеков коомдук ишмер Арстан Алайды жумушунан ажырап калгандыгы үчүн сотко бергенин маалымдады. Доо арыз бүгүн, 17-мартта Бишкектин Ленин райондук сотуна берилген.

Доо арызда “Буга чейин Арстан Алай (Абдылдаев) маалымат жыйында Кытайга коронавирусту өзү жөнөткөнүн билдирген болчу”. Аталган вирус дүйнө жүзүнө тарап, Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кымбаттап, чектөө жана тыюу салууларга байланыштуу айрым адамдар үй-бүлөлүк иш-чараларын белгисиз мөөнөткө жылдырды. Анын кесепетинен иш-чараларда алып баруучулук жумушумдан ажырап, мага нравалык зыян келтирилди», – деп айтылган.

Мындан сырткары, соттон Артсан Алайдан моралдык чыгым катары 50 миң сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Комментарии

  1. Оба туура кылат.соттош керек. Каранавирусту мен чыгардым деген созунон жооб алыш керек. Азыр озу качып журот кана

  2. Маймылго бул тамада,ошого ишенип,ал да пендего ,конул бурбаш керек болчу,тамаданын да крыша кетип баштаптыр той алып бара берип айнып баштаганго

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь