Казакстанда вирус жуктургандардын саны саат сайын өсүүдө

2 281

Казакстанда коронавирус жуктурган дагы 5 адам аныкталды. Алардын төртөөсү Алматыда, бирөөсү Нур-Султан шаарында. Вирус жуктургандар Алматы шаарында 15 адам, Нур-Султан шаарында 17 адам болуп, бардыгы 32 адамга жетти. Бул тууралуу Казакстан Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Бүгүн түшкө чейин Казакстан Саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов Нур-Султан шаарында 14 адамдан таажывирусу табылганын билдирип, алар менен байланышта болгон адамдар аныкталып жатканын айткан.

Эске салсак, Казакстан президенти Касым-Жоомарт Токаев чукул кырдаалга байланыштуу өлкөнүн бардык аймагына 2020-жылдын 16-мартынан, 2020-жылдын 15-апрелине чейин чектөөлөрдү киргизген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь