Казакстанда COVID-19 вирусу дагы 3 адамга жукту

174

Казакстандын Алматы шаарында коронавирус жуктурган 3 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Бүгүнкү күндө Казакстанда 13 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 11 учур Алматыда, 2 учур Нур-Султан шаарында катталды.

Эскерте кетсек кечээ, 16-мартта Казакстан өзүнүн жарандарына өлкөдөн чыгууга 15-апрелге чейин тыюу салган.

«Казакстандыктар 15-апрелге чейин чет өлкөгө чыга алышпайт. Бул чет өлкөгө дарыланууга бара турган жарандарга тийиштүү эмес. Алар Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин мекемелери тарабынан тастыкталган документти көрсөтүшү керек», – деп айтылат расмий маалыматта.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь