Касымалиева: Карантинге түшкөнү үй-бүлөмдү көрө элекмин

442

14 күндүк үй карантинде жаткан Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева өзүнүн Facebook баракчасына 14 күндүк карантини тууралуу билдирүү жазды.

“Саламаттыгымды сураган бардык мекендештерге чоң ыраазычылык билдирип, ушул жакка бир жооп жазып коеюн.
Тест таза чыккан, ооруганым жок, маанай сонун, бирок 14 күндүк карантин – алдын алуу максатындагы аргасыз чара жана мен бул эрежени сыйлайм. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз деген ушундай кырдаалда да билинет.
Үйдөгү карантиндин 4-күнү аяктап бара жатат. Вирус жок болсо да, жарандык жоопкерчиликти эске алуу менен аягына чейин отурам.
Эң оор сезилгени – үй-бүлөмдү көрө элекмин, кызымды өзгөчө сагындым, жолдошум экөө ата-энебиздикинде. Жолдошум азык-түлүк алып келип, эшиктин түбүнө таштап кетүүдө.
Жөн эле көчөдө басып жүрүү – биз үчүн байкалбаган бакыт. Жөн эле тынч жашоо, күнүмдүк көйгөйлөр менен алпурушуу – бул да бакыт.
Эң жакканы – үйдөн иштөө алда канча натыйжалуу да болот экен. Көптөн бери кол тийбей жүргөн иштерди шашпай, майын чыгара жасоого убакыт табылды.
Дарыгерлер келип кетишкен, күн сайын телефондон кабар алып жатышат, бирок сыркоонун бир да белгиси жок, анын үстүнө анализ таза.
Баарыбызга сабыр, аманчылык, ынтымак, жоопкерчилик каалайм. Кыргызстанга вирус келбей, ал арада маселе чечилип калсын”.

Саламаттыгымды сураган бардык мекендештерге чоң ыраазычылык билдирип, ушул жакка бир жооп жазып коеюн. Тест таза…

Опубликовано Aida Kasymalieva Понедельник, 16 марта 2020 г.

Эскерте кетсек, 13-март түнү Парламентарийлер түндө Германиядан иш сапарынан учуп келишкен. Касымалиеванын айтымдарында, аларды аба майданынан текшерип, короновируска анализ алгандан кийин үй шартындагы 14 күндүк обсервацияга жөнөткөн. Мындай карантинге туш болгондор үйдөн чыкпай, карантин аяктаганча дарыгердин көзөмөлүндө болушу шарт.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь