Кыргызстандын Германиядагы элчиси болууга Эрлан Абдылдаевдин талапкерлиги жактырылды

219

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматына Эрлан Абылдаевдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ошондой эле Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна Нурлан Абдрахмановдун талапкерлигин жактырды.

  • Эрлан Абылдаев 1966-жылы туулган. Жогорку билимдүү, 1989-жылы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун бүтүргөн. Кыргыз, орус, кытай, англис тилдерин билет.
  • 2012-2018-жылдары тышкы иштер министри болуп иштеген.
  • Ал эми Нурлан Абдрахманов буга чейин тышкы иштер министринин орун басары кызматын ээлеп келген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь