Мечиттерде намаз окууга тыюу салынды

359

Казакстанда вируска байланыштуу мечиттерде жума намазы жана башка намаздар окулбайт. Ал эми жаназа намаздарына жакын туугандары гана катышып аз топ менен өткөзүлөт. Бул тууралуу казак басылмаларына Казакстан мусулмандар дин башкармалыгы маалымдаган.

Биринчиден, мамлекет тарабынан коомчулукта өзгөчө кырдаал жарыяланышынан жана коронавирустун таралуу коркунучу жогору болгонуна байланыштуу мечиттерде жума намазы убакытча окулбайт. Ар ким өз үйүндө жума намаздын ордуна бешим намазын өтөйт. Экинчиден мечиттер жабылбайт, беш маал намазга азан чакырылат, болгону намаз мечитте жамаат менен окулбайт. Үчүнчүдөн, мечит жанындагы ашканаларда өтүүчу түлөөлөр, садакалар убакытча токтотулат.Төртүнчүдөн, жаназа намазын жакын туугандары менен гана өткөзүүсү талап кылынат“,-деп билдирген Казакстан дин башкармылыгынын өкүлчүлүгү.

Учурда Казакстанда он адамга таажывирусу жуккан. Алардын сегизи Алматыда, экөөсү Нур-Султан шаарында.

Мындан сырткары Казакстанда ири соода түйүндөрү жабылып, той-аш берүү, спорт мелдештери, окуулар токтотулган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь