Нарында мыйзамсыз алкоголдук продукцияны сатуу фактысы аныкталды

221

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен биргелешкен иш-чаралардын жүрүшүндө Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында жайгашкан «Арзан» дүкөнүнөн сатууга тийиштүү лицензиясы жок алкоголдук продукцияны сатуу фактысын аныкташты.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдирди. Натыйжада ар кандай ассортименттеги 715 бөтөлкө алкоголь тартып алынды.

Азыркы учурда сотко чейинки териштирүү иш-чаралары жүрүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь