Түркияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 47ге жетти

199

Түркияда COVID-2019 вирусу менен катталгандардын саны 47ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы 29 жагдай Америка, Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрүнөн келгендер менен байланыштуу. Дагы вируска чалдыккандардын үчөөсү жакында эле Мекке жана Мединада кичи ажылык өтөп келгендер. Түркияда умрадан келген 10 миңден ашык жаран карантинде турушат.

Ошондой эле, 17-марттан тарта беш маал чогулуп намаз окуу жана жума намаздарына чектөө киргизилди.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь