Чукул кабар: Казакстанда дагы 14 адамдан вирус аныкталып, жалпы саны 27ге жетти

400

Нур-Султан шаарында дагы 14 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Казакстан Саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов казак ЖМКларына маалымдаган.

Нур-Султанда да дагы 14 бейтаптан коронавирус жуктурганы белгилүү болду,  диагнозу аныкталып, карантинге жаткырылды. Алар менен байланышкан адамдардын бардыгы такталып жатат“,- деп билдирген министр.

Азыркы тапта Казакстанда  жалпысынан  27 адамга коронавирус жукканы аныкталды.

Бүгүн эрте менен Алматыда 3 адамдан коронавирус табылганы маалымдалган болчу.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь