Үй карантинде болууга шарты жок болгондор обсервацияга которулат

259

Кыргызстанга «Govid-19» вирусу катталган  мамлекеттерден келгендердин категорияларына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу бүгүн вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөттөгү брифингде маалымдады.

Бүгүн республикалык штабда бардык чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстанга кирүүгө убактылуу тыюу салуу талкууланды. Ал эми биринчи категориядагы өлкөлөрдөн келген кыргызстандык жарандар обсервацияга жаткырылса, экинчи категориядагы өлкөлөрдөн келгендер 14 күн үй карантинде болот“,-деп билдирди вице-премьер-министр.

Мындан сырткары, вируска шектүү жаран бир бөлмөлүү үйдө ата-энеси, балдары менен чогуу жашап, үй карантинде болууга шарты жок болсо, обсервацияга которуларын кошумчалады.

Биринчи категорияга кирген өлкөлөр: Италия, Иран, Корея, Франция, Германия, Испания, АКШ, Швейцария, Голландия, Норвегия, Бельгия, Австралия, Англия.

Экинчи категорияга коронавирус катталган бардык өлкөлөр кирет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь