Өгөй атасын өлтүрүп, унаа жолго таштап кеткен жигит кармалды

555

Милиция кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектүү жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-мартта саат 08:00дөр чамасында Аламүдүн РИИБге Кара-Жыгач айылындагы унаа жолдо адамдын жансыз денеси жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, унаа жолдон 40-45 жаштагы азиат түспөлүндөгү эркек адамдын денесин табышкан.

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгында маркумдун баш сөөгү, кабыргалары сынып, муунтулганы аныкталган. Маркум Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 51 жаштагы тургуну Н.С. экени такталды.

“Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Ж.Д. кармалды. Болжолдуу маалымат боюнча, маркум шектүүнүн өгөй атасы болгон. Учурда окуянын чоо-жайы такталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди”, – деп айтылат маалыматта.

Бул факт Жазык кодексиндеги 130-берене (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Комментарии

  1. I’m extremely inspired along with your writing abilities as neatly as with
    the format to your blog. Is this a paid theme or did you modify it your self?

    Anyway keep up the excellent quality writing, it is uncommon to look a nice blog like
    this one nowadays..

    Here is my page; we just did 46 hat

  2. We absolutely love your blog and find many of your post’s to be just what I’m looking for.
    can you offer guest writers to write content available for you?
    I wouldn’t mind publishing a post or elaborating on a few of the subjects you write related to here.
    Again, awesome weblog!

    Feel free to visit my web page; we just did 46 hat biden

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь