Өмүрбекова: Кыргызстанда коронавирус катталган жок

198

Бүгүн, 17-мартта Кыргызстанда коронавирусту алдын алуу боюнча ыкчам аракеттер жана дүйнөдөгү кырдаал тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова маалымат берип жатат.

“Кыргызстанда бүгүнкү күндө абал туруктуу, расмий түрдө коронавирус катталган жок. 8 мамлекеттик органдан турган штаб күнү-түнү иштеп жатат. Күнүнө канча киши кирди, канча киши чыгып кетти деп маалымат берет. Бүгүнкү күндө 1-категориядагы өлкөлөрдөн келип, обсервацияда жаткан биздин жарандардын саны 321 киши. 2-3-категориядагы өлкөлөрдөн келгендер үй карантинде», – деди Өмүрбекова.

Ошондой эле, вице-премьер-министрдин айтымында, буга чейин коронавирус катталган өлкөлөрдөн келгендердин бардыгы 3 категорияга бөлүнгөн болсо, эми 2 категорияга гана бөлүнөт.

I категорияга вирус жуктурган адамдардын саны 1000 адамдан көп болгон мамлекеттер кирет. Алар Кытай Эл Республикасы, Италия, Корея, Германия, Франция, Англия, Иран, Испания, Швейцария, АКШ, Австралия, Голандия, Бельгия, Норвегия.

II категорияга коронавирус катталган бардык мамлекеттер кирет.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча 17-мартка карата дүйнөдө коронавирус дарты 167 миң 511 адамга жуккан. Анын ичинен 81 миң 77 адам Кытайда, ал эми башка өлкөлөрдө 86 миң 434 адам COVID-19 вирусу менен катталган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь