17-марттан тарта «Кыргыз темир жолу» ишканасы эл аралык поезд каттамдарын убактылуу токтотту

231

Казакстан Республикасында коронавирус дартына байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизилгенине байланыштуу 17-марттан тарта «Кыргыз темир жолу» ишканасы эл аралык каттамдарды токтотот. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Алар:

  • Бишкек – Москва, № 17/18 поезди;
  • Бишкек – Казань, № 305/306 поезди;
  • Бишкек – Новосибирск, № 385/386 поезди.

Маалыматка ылайык, алдын ала билет сатып алган жүргүнчүлөргө акчасы кайтарылат. Бишкек – Мерке каттамы Кайыңдыга чейин кыскартылды.

Ал эми өлкө ичиндеги Бишкек – Торугарт, Бишкек – Кара-Балта каттамдары өзгөрүүсүз ишин уланта берет.

Ошондой эле, бүгүн 17-марттан тарта Кыргызстандын аймагына чет өлкөлөрдүн жарандарын киргизүүгө убактылуу чектөө киргизүү чечими кабыл алынды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь