Баткен облусундагы ири базарлар жабылат

212

Коронавирус оорусуна байланыштуу Баткен облусундагы ири базарлар бүгүндөн тарта жабылат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымат таратты. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов бүгүн, 18-мартта калктын коопсуздугу, саламаттыгы үчүн жер-жерлердеги ири азык-түлүк, кийим-кече жана мал базарларын, унаа базарларын жабуу боюнча жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмаларды берди.

Белгилүү болгондой, Баткен шаарындагы борбордук базар, Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Самаркандек айылындагы Самаркандек базары, Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Кара-Бак базары, Кадамжай районундагы Халмион базарлары сыяктуу облустун аймагындагы район, шаарлардагы ири базарлар жабылат.

Билдирүүдө айтылгандай, күнүмдүк соода түйүндөрү, кичи базарлар иштей берет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь