Вирус аныкталгандар менен кошо келген учактагы 135 адам изоляцияланды

192

Коронавирусту жуктуруп алган 3 кыргызстандык менен 12-мартта Сауд Арабиясынан бирге келген 135 адам табылып, изоляцияланды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта өкмөттөгү брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

135 жүргүнчү табылды жана баарынан анализдер алынды. Алар менен тыгыз байланышта болгон 300 жаран карантинге жаткырылды. Мындан тышкары кичи ажылыктан 1000ден ашуун жүргүнчү келген. Алардын 70 пайызы үй карантининде. Учурда аладры издеп жатабыз”,-деди Исков.

Белгилей кетсек, буга чейин Арабиядан 12-мартта учуп келген 3 жарандан коронавирус аныкталган. Алар учуп келген аба каттамында 135 жүргүнчү бар болгону аныкталып, 90дон ашуун жүргүнчүнүн аты-жөнү такталып, обсервацияга алынган болчу.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь