Вирус дүйнөдө: Бельгияда 243 жаңы учур катталып, жалпы саны 1486га жетти

153

Бельгияда коронавирус жуктурган 243 жаңы учур катталып, бул илдетти жуктургандардын жалпы саны 1486 адамга жетти.

Бельгиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн, 18-мартта 243 жаңы учур катталганын жарыялады. Мындан тышкары коронавирус жуктурган 4 адам каза болгону маалымдалды. Буга чейин өлкөдө аталган дарттын кесепетинен 14 адам көз жумган болчу.

Учурда жалпы 496 бейтап ооруканага жаткырылса, алардын ичинен 100 адам өзүнчө бөлүмгө жайгаштырылды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь