Депутат: Шайлоону токтотобузбу же электрондук шайлоого өтөбүзбү?

206

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынынын күн тартибине депутаттар коронавирус кырдаалы боюнча маалымат угуу маселесин кошушту.

Депутат Акылбек Жапаров Борбордук шайлоо комиссиясынын алдыдагы шайлоо боюнча маалыматын угуу үчүн анын өкүлдөрүн чакырууну сунуштады.

«Борбордук шайлоо комиссиясы сунуштамаларын берсин. Шайлоону токтотобузбу же электрондук шайлоого өтөбүзбү? Депутаттарды шайлайбыз деп кыргызстандыктар жабыркап калбасын», – деди Жапаров.

Депутат Иса Өмүркулов Борбордук шайлоо комиссиясы менен шайлоону аралаштырбоону суранып: «Биз өзүбүз ызы-чуу чыгарып жатабыз. Биз маалымат угуп, андан кийин чара колдонобуз. Шайлоо жана башка иш-чараларды жайына койгула», – деди.

Жергиликтүү кеӊештин депутаттарын шайлоо 12-апрелге пландалган. Бүгүн, 18-мартта Кыргызстанда 3 адам коронавирус жуктурганы маалым болду.

Булак: Barakelde.org

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь