Саякат кемесиндеги кыргыз жарандарынан вирус чыккан жок

145

Кыргызстандын АКШ жана Канададагы Элчилиги Калифорния штатынын жээгинде карантинге алынган круиздик кеменин бортунда жүргөн Кыргызстандын эки жараны менен тыгыз байланышта болгонун маалымдады.

13-мартта Кыргызстандын эки жараны карантинди ары өтүү үчүн АКШнын Джорджия штатында жайгашкан карантиндик борборго көчүрүлдү.

Бир нече өткөрүлгөн тесттердин натыйжасында, карантиндик борборунун медициналык кызматкерлери кыргыз жарандарында коронавирус оорусу жок экендигин ырастады.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын эки жараны 14-күндүк карантинди өткөндөн кийин карантиндик борбордон үйлөрүнө кеткенге мүмкүнчүлүк болот.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь