Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди (Видео)

188

Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу аталган райондун акимине таянып жергиликтүү басылмалар жазууда. Тактап айтканда, коронавирус учуру катталган Благовещенка жана Бостон айылдарындагы үй-бүлөлөрдүн бири-бирине каттоосуна чектөө коюлуп, район боюнча үйдө той-аш өткөрүүгө жана чогулууга тыюу салынды.

Өзгөчө кырдаал учурунда төмөнкү чектөөлөр киргизилет:

  • Өзгөчө кырдаал учурунда жалпы коомдук көзөмөлдү, мамлекеттик жана стратегиялык маанилүү объектилерди жана жалпы коомдук транспортту көзөмөлгө алууну күчөтүлөт.
  • Адамдардын  көп чогулуусуна алып келген массалык иш чаралар өткөрүлбөйт.
  • Сузак районунун аймагынан транспорттун баардык түрү менен чыгууга чектөө киргизилет.

Сузактагы коронавирус катталган эки айыл карантинге алынганын Facebook колдонуучусу Талгат Бакиев видео билдирүү аркылуу жарыялаган.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18-мартка караган түнү ооруга катталган үч киши аныкталды. Алар – 70, 62, 42 жаштагы Сауд Арабиясында умра сапарына барып келген эркек кишилер. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу штабынын 18-марттагы чукул жыйынында кабарланды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь