Таанышын алдап 45 миң доллар акча алып качып кеткен

181

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын июль айынан 2020-жылдын январь айына чейин шектүү өзүнүн тааныштарына үч бөлмөлүү батир алып берүүнү убадалап, 45 миӊ доллар акча алган. Бирок убадасын аткарбай, акчаны алып качып кеткен.

Жабырлануучу тарап милицияга арыз менен кайрылган. Аталган факт Жазык кодексинин 204-беренеси боюнча (алдамчылык) Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин абагына киргизилди. Учурда шектүү жарандын башка кылмыштарга тиешеси такталып жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь