Чек аралар жабылгандыктан 200дөн ашуун кыргыз жарандары чет жерде калды

165

Азыркы тапта чек аралардын жабылганына байланыштуу Кыргызстанга бир катар кыргызстандын жарандары өз мекенине келе албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматынын департаментинин директорунун орун басары Муса Көчөрбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Казакстанга өзгөчө кырдаал режими киргизилген учурда 200дөн ашуун кыргызстандык жаран чет жерде, көбү Шри-Ланка менен Гоада жүргөн.

«Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Транспорт жана жол министрлиги каттамдарды караштырып жатат. Ошондой эле жеке авивкомпаниялар менен Алматыдан алып келүү маселеси чечилүүдө. Туристтик агенттиктер бул маселени карап жатышат. Алардын өздөрүнүн шарттары бар», – деди Көчөрбаев.

Ошондой эле, 17-мартта кыргыз өкмөтү Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандардын киришине убактылуу чектөө киргизгени жатканын маалымдаган. Анда чет өлкөлүктөр үчүн убактылуу чектөө боюнча азырынча бир айлык мөөнөт белгиленип жатканы кабарланган.

Эскерте кетсек, бүгүн, 18-мартта Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы үч киши аныкталды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь