Ысык-Көлдө сузактык жаран менен бирге учуп келген адам карантинге алынды

242

Ысык-Көл облусунда изолятордо 3 адам жатат. Алардын экөө Германиядан келсе, бирөө Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан келген. Белгилүү болгондой ал коронавирус жуктурган сузактык жаран менен бирге бир рейсте келген.

Учурда умрадан келген жаран сузактык менен байланышта болгондугу божомолдонуп, ооруканага жаткырылды. Андан кайрадан коронавируска анализ алынды. Жыйынтыгы азырынча чыга элек.

Ысык-Көл облусу боюнча үй карантининде 12 киши жатат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь