19-марттан тарта чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө кирүүсүнө чектөө коюлат

2 877

19-мартта саат түнкү он экиден тарта Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта өкмөттө өтүп жаткан брифингде тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, 18-мартта калктын саламаттыгын коргоону камсыздоо жана коронавирустун жайылуусуна жол бербөө үчүн өкмөттүн буйругу чыкты. Буйрукка «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдын 7-беренеси, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө» мыйзамдын 31-беренеси, «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамдын 10-беренеси жана «Өкмөт жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык кол коюлду.

Буйруктун төмөнкүлөргө тиешеси жок:

– эл аралык жүк ташыган айдоочулар;

– аба учагындагы курам, экипаж;

– поезд бригадалары;

– дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн аккредиттелген жана дайындалган кызматкерлери;

– эл аралык уюмдардын аккредиттелген жана дайындалган кызматкерлери;

– аталган жактардын үй-бүлө мүчөлөрү (ТИМ аркылуу күн мурун маалымдалышы керек);

– «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын Казакстан менен Өзбекстандын аймагындагы темир жолдо иштеген (ID паспорт боюнча) кызматкерлери;

– Кыргызстандын жаранынын үй-бүлө мүчөсү болгон чет өлкөлүк же жарандыгы жок жарандар (Кыргызстандын жараны менен туугандык байланышын тастыктаган документ же Кыргызстанда туруктуу жашаган жеринен документ керек).

Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдарга кирүү визасын берүүнү да токтотту.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь