Абылгазиев: Бизнестер кайра калыбына келүү үчүн кеминде 6 ай керек

184

Кыргызстанда бизнес кайра калыбына келүү үчүн кеминде 6 ай керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутат Төрөбай Зулпукаровдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Премьер-министрдин айтымында азыркы кырдаалдын экономикага жана бюджетке тийгизген таасири эки жылдык.

“Май айына чейин тастыктап чыгаралы деп жатабыз. Элибиз көнүп, кирешелер көтөрүлүп баштаганга чейин бизнести кайра калыбына келтирүү үчүн жок дегенде 6 ай керек. Ал эми оорунун жугуу коркунучу баары бир калат. Ошондуктан биз азыр бир жылдык планды түзүп, ошого жараша экинчи жылдыкын чыгарабыз деп жатабыз“,- дейт премьер-министр.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь