Абылгазиев: Сузакта коронавирус жуктурган жарандын аялы таза чыкты

341

12-марттан 13-мартка караган түнү Сауд Арабиясынан Бишкекке 144 жаран келген. Алар үчүнчү категориядагы мамлекеттен келишкен.

Сузактык жарандан коронавирустун чыгышы күтүүсүздөн болгон жок дейт премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Премьер бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында маалымат берип жатып, кичи ажылыктан келген жарандардын ар бири тизмеге алынып, дарыгерлер күнүгө аларды  текшерүүдөн өткөрүп жатканын айтты. Температурасы көтөрүлгөнүн байкаган медиктер бейтапты жугуштуу ооруканага алып барып жаткырганда, коронавирустун белгилери аныкталган.

“Бир жарандын өзүндө коронавирус бар, жанында чогуу умрага барган аялынан вирус чыккан жок. Чогуу барган дагы бир Нарындагы жаран бир бортто келиптир, ал дагы таза чыкты. Кечээ 144 жаранды тактадык, алардын ким менен байланышка барганын текшерип жатабыз. Медиктердин айтуусу боюнча вирус барына эле жукпайт, эгер иммунитети жогору болуп чогуу жашаган аялны жукпай жаткандан кийин, биздин жакшы оюбуз болуп жатат барына эле жугуп кеткен жок деп”– деген маалыматын билдирди Абылгазиев.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь