Депутат Жолдошбаев вируска каршы күрөөшүгө 1 миллион сом бөлөт

144

Депутат Камчыбек Жолдошбаев оор кырдаал учурунда бири-бирине колдоо көрсөтүү керектигин айтып, коронавируска каршы күрөшүү үчүн республикалык штабга жардам катары 1 миллион сом акча берерин билдирди.

Бул тууралуу ал бүгүнкү парламенттик жыйында  коронавирустун абалы боюнча Өкмөттүн маалыматы болуп жатканда маалымдады.

Бүгүнкү күндө медицина кызматкерлеринин башына оорчулук түшүп турат. Алар ооруга чалдыккан адам менен бетме-бет болуп, аларды дарылап жатат. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча ар кандай тараптардан жардамдар болуп жатат. Кыйынчылык кезде бири-бирибизге колдоо көрсөтөлү. Мен жеке үй-бүлөмдүн атынан 1 миллион сом которуп берем”, — деди депутат Жолдошбаев.

Депутат ошондой эле абалдан чыгуу үчүн республика боюнча ишкерлерди, Жогорку Кеңештин депутаттарын, өлкө тагдырына кайдыгер эмес жарандарды илдет менен күрөшүүгө каражат берүүгө үндөдү.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь