Депутат Маматалиев “Айчүрөк” соода борбору менен биргеликте дарыгерлер үчүн 1,5 миллион сом бөлдү

358

Депутат Марлен Маматалиев жана “Айчүрөк” соода борбору коронавирус дарты менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге 1,5 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу “коом press” маалымат агенттигине эл өкүлү өзү маалымдаган.

Учурда күнү-түнү коронавирус дарты менен күрөшүп, тынымсыз эмгек кылып жаткан дарыгерлердин эмгегин баалашыбыз керек. Ошондуктан “Айчүрөк” соода борбору менен биргеликте 1,5 миллион сом котордук. 1 миллион сом соода борбордуку, 500 миң сомду мен чыгардым”-деп билдирген эл өкүлү.

Буга чейин, коронавируска каршы күрөшүүдө  депутат Камчыбек Жолдошбаев 1 миллион сом которсо, мурдагы саясатчы  Өмүрбек Бабанов  5 миллион сом  убадалады.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь