Камчыбек Жолдошбаев убадалаган 1 миллион сомду которду

2 977

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев коронавируска каршы күрөшкө бүгүн 1 000 000 сом которду. Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу тастыктаган дүмүрчөктүн сүрөтүн жүктөдү.

Белгилей кетсек бүгүнкү парламенттик жыйында Камчыбек Жолдошбаев оор кырдаал учурунда бири-бирине колдоо көрсөтүү керектигин айтып, коронавируска каршы күрөшүү үчүн республикалык штабга жардам катары 1 миллион сом акча берерин билдирген.

Депутат ошондой эле абалдан чыгуу үчүн республика боюнча ишкерлерди, Жогорку Кеңештин депутаттарын, өлкө тагдырына кайдыгер эмес жарандарды илдет менен күрөшүүгө каражат берүүгө үндөдү.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь