Оштун мэри: “Ушул ооруну сезбей көчөдө жүргөнүңөрдү көрүп ыйлагым келип атат” (ВИДЕО)

400

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов эл көп чогулган жайда түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ал элге кайрылып, карантин учурунда сыртка чыкпоого суранды.

“Балдарды жетелеп көчөдө жүрөсүңөр, бул каникул эмес – бул деген карантин. Үйдө отургула. Той болуп аткандай майрамдап жүрөсүңөр, өзүңөргө өзүңөр күйбөсөңөр ким күйөт силерге”, -деп катуу айтты.

Эл көп чогулган жайда шаар мэри Т. Сарыбашов өзү түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Кээде катуураак айтканга туура келет экен. Адамдар туура кабыл алышып, тарашты. Ар бирибиз кайдыгер карабайлы! Ден соолукта бололу!

Опубликовано Азаматом Абсаттаровым Среда, 18 марта 2020 г.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь