Россияда коронавирустан каза болгон алгачкы учур катталды

194

Москвада коронавирустан каза болгон алгачкы учур катталды. Ыкчам штабдын маалыматына ылайык, улгайган курактагы бейтап буга чейин бир катар өнөкөт оорулары менен ооруп келген.

79 жаштагы кары аял 13-мартта ооруканага жеткирилген. Туугандарынын сунушу менен ал 14-мартта жеке медициналык уюмдун дарылануусуна өткөн. Коронавирусту аныктоочу анализдеринде илдеттин белгилери катталгандыктан, кемпир №2 жугуштуу оорулар ооруканасына которулган.

“Улгайган аял бир катар оору менен ооруп келген. Кант диабетинин 2 түрү,  атеросклероз, жүрөгүнүн гипертониялык өнөкөтү. Бейтапка комплекстүү интенсидүү терапия жасалды”,- деп билдирет жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгери.

Учурда маркумдун жакындары аныкталып, бардыгы дарыгерлердин көзөмолүндө турат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь