Сузактагы учурдагы кырдаал

187

Учурда коронавирус катталган Сузак районундагы кырдаал өзгөчө көзөмөлгө алынып турат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузакта өзгөчө кырдаалдын алкагында дарыгерлер тарабынан 24 саат бою санитардык-эпидемиологиялык иштер, дезинфекциялык чаралар жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары, облуста 2 мобилдик лаборатория иштеп жатат. Ал эми Жалал-Абад облустук ооруканасында 3 жаран коронавирус менен карантинде даарыланып жатса, дагы 3 жаран дене табы жогору болгондуктан дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Алардын коронавируска алынган анализдери терс болуп чыкты.

Белгилей кетсек, кече 18-мартта Сузак районунан коронавирус жуктурган алгачкы учур катталган. Алар Сауд Арабиясынан Кыргызстанга 12-мартта ажылыктан учуп келген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь