Умрадан келген Баткендеги 8 кишиден коронавирус чыккан жок

246

Баткен облусунун Сауд Арабиясына барган, карантинге алынган 8 кишинин анализинен коронавирус табылган жок. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы басма сөз кызматы билдирди.

Сегиз жаран Сузак районундагы коронавирус оорусу табылган үч жаран менен чогуу бир авиакаттамда Кыргызстанга келишкен болчу.

Белгилей кетсек 13-мартка караган түнү Сауд Арабиядан кичи ажылыктан келген 144 кыргызстанык болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь