Умрадан келген жарандар арызданышкандан кийин шарты бар обсерваторияга которулушту (видео,сүрөт)

258

Ош шаарынын 7-поликлиникасына жаткырылган жарандар карантинде кармоо шарттарына арызданышкандан кийин толук шарты бар обсерваторияга которулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдирди.

“Алар бардык зарыл шарттар түзүлгөн башка обсервацияга жаткырылды. Аларга тынымсыз кам көрүлүп, күнүнө 4 жолу медициналык беткаптар жана антисептикалык каражаттар менен камсыз болушат. Бейтаптарга кезек менен жугуштуу оорулар дарыгери, медайым жана санитаркалар кам көрүшөт”,– деп айтылат маалыматта. 


Буга чейин ыкчам карантинге алууда даярдалган обсервация жайларына жаткырылган. Шаар мэри Т. Сарыбашов тарап кеткен видеодон кийин тиешелүү жетекчилерге ар бир жаткырылган жаранга кайдыгер карабоо тапшырмасын берип, өз көзөмөлүндө болоорун айтты.

Мына сага…

Опубликовано Элдик репортер KG Среда, 18 марта 2020 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь