20-марттан баштап Кыргызстанда бала бакчалар жабылат

120

Кыргызстандын билим берүү министрлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын жакшырышына чейин, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 20-марттан тартып Кыргызстандагы бала бакчалар жабылат.

Белгилей кетсек, 18-мартта Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын билдирген. Алар Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун жашоочулары.

Илдетти жуктуруп алгандар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь