Азербайжандын борбору Баку шаары коронавируска байланыштуу жабылды

341

 

Азербайжандын борбору Баку шаары коронавируска байланыштуу жабылды .Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

19-мартта Баку менен анын жанындагы Сумгаит шаары унаалардын жүрүшүнө тыюу салды. Аталган аймактан  бир гана тез жардам унаасы менен куткаруу кызматы, жүк, полиция унаалары гана өтө аталат. Чектөө чарасы кеминде 29-мартка чейин өз күчүндө болот.

Расмий маалымат боюнча, Азербайжанда 34 адамга коронавирус жуккан, бир адам оорудан каза болгон. Ал эми коңшулаш Арменияда вирус жуктургандар саны 115ге жетти. Бийлик 16-апрелге чейин өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Грузияда коронавирус жуккан 40 адам аныкталган. Премьер-министр Георгий Гахария 19-мартта ” муктаждык болсо, өзгөчө кырдаал жарыяланат” деп маалымдаган. 20-марттан баштап бардык соода – саттык дүкөндөрү жабылып, азык-түлүк дүкөндөрү, дарыканалар гана ишин жүргүзмөк.

.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь