АКШ Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүүгө 913 миң доллар берди

230

АКШ өкмөтү Кыргызстанга коронавируска каршы турууга жардам берүү үчүн 913 миң доллар (66 миллиондон ашык сом) бөлдү. Каражат АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу үч уюмга бөлүнөт.

Алардын биринчиси – Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму. Бул уюм коргонуучу жабдуулар менен камсыз кылып, байкоо жүргүзүү, лабораторияларды колдоо жана пандемияга каршы иш-аракеттерди координациялайт.

Экинчи уюм – Abt Associates ишке ашырып жаткан “Жергиликтүү саламаттыкты сактоо системаларын чыңдоо” долбоору аркылуу инфекцияны алдын алуу жана көзөмөлдөө, байкоо жүргүзүү, жаңы учурларды аныктоо боюнча иштейт. Муктаждык болсо ооруну контролдоого зарыл кошумча медициналык жабдык сатылып алынат.

Үчүнү уюм – Кызыл ай коому элди вирустан сактануу жөнүндө маалымат менен камсыз кылып, вирус жугуп калуу мүмкүнчүлүгү жогору болгон адамдарды табуу боюнча иш алып барат.

11-мартта USAID Кыргызстандын медицина жайлары үчүн 10 миң хирургиялык маска, 10 миң кол кап, 1,4 миң хирургиялык костюм жана 200 коргоочу көз айнек берген.

Кыргызстандын Cаламаттык сактоо министрлиги 20-мартта өлкөдө коронавируска байланышкан эпидемиологиялык абал курчуп баратканын жарыялады.

Жугуштуу илдет табылган алты кыргызстандыктын (үчөө Сузакта, үчөө Ноокатта) баары жакында Сауд Арабиясына умрага барып келишкени белгилүү болду.

Сузакта жана Ноокатта өзгөчө абал жарыяланды. Ошто 20-марттан тартып коомдук транспорт токтомой болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь