Бишкек мэри жана милициянын башчысы түндө укмуштуудай көрүнүшкө күбө болушту (ВИДЕО)

6 314

Кечээ кечинде Бишкек мэриясы азык-түлүктөргө болгон бааны көзөмөлдөө максатында шаардагы дүкөндөргө рейд кылды.

Рейдке калаа башчысы Азиз Суракматов, Бишкек ШИИББнин башчысы Канат Жумагазиев, ЭККККнын шаардык башкармалыгынын башчысы Нурлан Казабеков, вице-мэр Азиз Алымкулов, мэриянын башкармалыктарынын башчысы жана ЖМК өкүлдөрү катышышты.

Рйедке чыккандар Түштүк магистралдагы “Глобус” гипермаркетине жетип калганда, жолдо эки жигит жеңил унаанын үстүнө жатып алып бара жаткан. Бейбаштардын унаасы менен мэр бара жаткан кичи автобус катарлаш жүргөн. Буста бара жаткан Бишкек милициясынын башчысы катарлаш унаанын айдоочусун токтотууга аракет кылган. Бирок баш ийген эмес. Расмий өкүлдөр бара жаткан кичи автобус бейбаштарды токтотуу үчүн алардын унаасын акырын чийдирип өткөн.

Бишкек ШИИББнин башчысынын орун басары Эрлан Атантаев чуркап түшүп, унаанын үстүндөгү бир балны сүйрөп түшүргөн. Бишкек шаардык милициянын башчысы Канат Жумагазиев патрулдук милицияны чакырткан. Эреже бузган айдоочу өз күнөөсүн мойнуна алып, анын жанында тийиштүү документтери болгон эмес.

Эки жигит жана айдоочуга карата чара колдонулуп, алар Октябрь РИИБне өткөрүлүп берилди. Ал эми айдоочу айыпка жыгылып, унаа айып короосуна токтотулду.

Видео: “Акипресстен” алынды

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь