Бүгүн Өзбекстанда вирус жуктурган жаңы 10 учур катталды

208

Бүгүн коңшулаш Өзбекстан өлкөсүндө  коронавирус жуктурган 10 жаңы учур катталды. Алардын 9у коронавирус жуктурган бейтаптар менен байланышта болгон адамдар экенин  Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Ошондой эле чет өлкөдөн келген Өзбекстандык жарандан да коронавирус илдети тастыкталды. Жалпы Өзбекстанда 33 адам коронавирус илдетин жуктурду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 6 учур катталды. Алар Ноокат жана Сузак райондорунун тургундары экени тастыкталды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь