Кыргызстанда 14 күндүк карантинде 552 адам бар

153

Кыргызстанда 14 күндүк карантинде 552 адам бар. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта өкмөттөгү брифингде саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 410 адам алгоритм боюнча карантинге алынган. Ошондой эле обсервацияларда коронавирус жуктурган кыргызстандык жарандар менен чогуу учуп келген адамдар көзөмөлдөнүп жатат.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда карантин үчүн жалпы 2290 орун даярдалган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь