Саламаттык сактоо министри оор жумуштан улам парламентте эс-учунан танып жыгылды (видео)

288

18-март күнү Нидерландынын саламатттык сактоо министри Бруно Брёйнс коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш-чаралдарды парламенттин жыйынында талкуулап жатып, эс-учунан танып жыгылды.

Министр бир нече секундда кайра өзүнө келип, өз алдынча залдан чыгып кете алды.

Кийин министр өзүнүн Twitter баракчасына билдирүү калтырып, бир нече жумадан берки оор жумуштан улам эсинен танганын айтты. Ошондой эле аны колдогондорго ыраазычылыгын билдирди.

Белгилүү болгондой 19-мартта ал өз каалоосу менен  отставкага кеткен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь